Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиянын Измир шаарында жер силкинүүдөн набыт болгондордун саны 24 кишиге жетти. 800дөн ашык адам түрдүү жараат алды.
АКШнын Геологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, 30-октябрдагы силкинүүнүн магнитудалык күчү жети баллга жакындады. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде жайгашканы кабарланды. Измир шаарында бир топ имарат кыйрап калды. Сеферихисар аймагында суу ташкын болду.
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирүү таратып, «Түркиядагы зилзалада кыргызстандыктар жабыркаган жок» деп маалымдады.
Башкы консулдук ошондой эле зилзаладан жабыркаган кыргызстандыктар болсо +905351077212 ыкчам номуруна кайрылууну сунуш кылды.
Түнү менен зилзала болгон аймакта Түркиянын Кырсыктарды жана чукул кырдаалды тескөө башкармалыгынын 4000ден ашык кызматкерлери куткаруу иштерин жүргүзгөн. Жергиликтүү бийлик жана мейманканалар башкалкасыз калган измирликтерге акысыз кызмат көрсөтүшкөн.
Мындан тышкары Измирдеги зилзала Стамбул, Бурса сыяктуу ири шаарларда гана эмес, Грекиянын аралдарында да сезилген.
Түркияда акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында орун алып, кырсыкта 644 киши набыт болгон, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.
Жалпысынан Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. (ElB\ErN)
Дагы караңыз
УКМК Ташиев Орусияга расмий сапар менен барганын билдирдиИнвесторду чочуткан бир ай Садыр Жапаров Кытай элчиси менен кыргыз-кытай кызматташтыгын талкууладыПакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизди«Түркияда мындай зилзаланы биринчи көрүшүм»