Александр Лукашенко Беларуста элдик кошуундарга муктаждык бар экенин айтты. Бул тууралуу ал 29-октябрда аймактарда коомдук тартипти сактоо багытында иштеген жаңы кызматкерлерди дайындоо учурунда билдиргенин «БелТА» маалымат агенттиги жазып, видеосун жарыялады.
Лукашенко Кыргызстанда октябрдын башында бийлик алмашууга алып келген толкундоодо элдик кошуундар күч түзүмдөрү менен бир муштум болуп иштегенин мисал келтирди.
Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңип чыкканы жарыялангандан бери нааразылык акциялары токтобой келатат.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы башталган нааразылык акциялары башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Күч түзүмдөрү абалды көзөмөлдөн чыгарып, Бишкекте айрым талап-тоноо менен коштолгон кырдаалды жөнгө салууга элдик кошуундар салым кошкон.
Башаламандыкка чейин жеткен нааразылык акциясы Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетишин шарттаган. Ордуна 6-октябрдын таңында тарапташтары түрмөдөн бошоткон саясатчы Садыр Жапаров өкмөт башчы болуп, президенттин милдетин да аткарууда.
Өлкөдө президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. (SE)