Пакистандын Улуттук банкы Бишкектеги филиалын жабат. Банктын директорлор кеңеши ушундай чечим кабыл алганын филиалдын башчысынын орун басары Жылдыз Табылдиева «Азаттыкка» билдирди:
«Мунун Кыргызстандагы коомдук-саясий жагдайга эч кандай тиешеси жок. Пакистандын Улуттук банкы бизнес-стратегиясына өзгөртүү киргизип, Борбор Азиядан кетүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул маселе 2020-жылдын башында талкууланып, октябрда акыркы чечим кабыл алынды».
Табылдиева банктын филиалы дароо жабылбай турганын, бул узак жараян экенин кошумчалап, бардык кардарларына тийиштүү маалыматтар берилип жатканын айтты.
Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы 2000-жылы ачылган. (SE)