Бишкекте элдик курултай деп аталган жыйын конституциялык реформаны талкуулады

Курултайдын катышуучулары. Сүрөт «Фейсбук» колдонуучу Айбек Жаңыбаевдин баракчасынан алынды.

Бүгүн, 29-октябрда Бишкекте «Конституциялык реформа – мезгилдин талабы» деген темада жыйын өттү. Уюштуруучулар элдик курултай деп атаган иш-чараны «Кыргызстан элинин аксакалдары», «Элдик курултай», «Жети дубан ынтымагы» жана башка коомдук уюмдар менен катар жеке адамдар тобу өткөргөнүн «Азаттык» радиосуна «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди. Анын айтымында, жыйынга катышкандардын арасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңешчилери да болду.

Жыйын азыркы бийликтин демилгелерин колдоп, Конституцияны улуттук баалуулуктардын негизинде жаңылоо багытын карманууну, Баш мыйзамга курултай институтун ыйгарым укуктары менен кошо киргизүүнү сунуш кылды.

«Курултай институту – суперпарламентаризм, жамааттык башкаруунун эле үлгүсү. Президенттик жана өкмөттүк аппаратты бириктирип, аткаруу бийлигинин башында бир эле адам болушу керек деген маселе коомдо үстөмдүк кылууда. А негизи бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе курултай аркылуу ишке ашырылары баса белгиленди», - деди Кошалиев.

Жыйындын жыйынтыгында жети пункттан турган резолюция кабыл алынды.

Азыркы бийлик президенттик шайлоодон кийин конституциялык реформа өткөрүү ниетин билдирип жатат. Конституциянын жаңы долбоору жарыялангандыгы тууралуу маалымат жок. БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону 10-январга белгиледи.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы кийин жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок парламент бул өнөктүктү конституциялык реформадан кийин өткөрүү тууралуу мыйзам кабыл алып, ага Жапаров кол койгон. (RK)