Беларуста ички иштер министри алмашты

Беларустун мурдагы ички иштер министри Юрий Караев.

Беларустагы медиа каражаттарынын жазганына караганда, Юрий Караевдин ордуна Иван Кубраков дайындалды. 45 жаштагы Кубраков буга чейин Минск шаардык милиция башчысы болуп иштеп келген. Ал эми мурдагы министр Караев Александр Лукашенконун Гродно облусу боюнча жардамчысы болуп дайындалганын «БелТА» агенттиги жазды.

Юрий Караев Ички иштер министрлигин 2019-жылдан бери жетектеп келген. Ал бийликке каршы акциялардын катышуучуларына каршы абдан катаал чара көрүп, полициянын зордук-зомбулугунун символу катары аталып жаткан.

Караев акциянын катышуучуларына карата мындай мамилени дайыма колдоп, бир күн мурда эле «эгер керек болсо демонстранттарга каршы ок атыла турганын» эскерткен.

Жаңы министр Иван Кубраков да акциялардын катышуучуларына каршы катаал чара көрүүнүн тарапкери экени айтылууда.

Беларуста быйыл августта өткөн президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция аны тааныган эмес. Ошондон бери оппозициянын акциялары уланып, бийликке каршы чыккан жүздөгөн кишилер кармалды.

26-октябрда жалпы элдик иш таштоо башталып, ага өлкөдөгү бир катар мамлекеттик ишканаларда иштегендер катышып жатат.