Төрага Исаев: Мага ишеним көрсөтпөө боюнча демилге тууралуу так маалыматым жок

Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев өзүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге боюнча так маалыматы жок экенин 28-октябрда «Азаттыкка» билдирди.

«Мага да ошондой сөздөр жетти. Бирок депутаттардын «кол койдум» же «койгон жокмун» деген так сөзүн уккан жокмун. Демилге көтөрүп жаткандардын ой-пикирин сурайбыз да. Чогуу угабыз», - деп жооп берди ал «Азаттыктын» суроосуна.

Исаев ошондой эле төрагага ишеним көрсөтпөө үчүн 40тан кем эмес депутат демилге көтөрүшү керек экенин, чечим кабыл алынышы үчүн 80ден кем эмес депутаттын добушу талап кылынарын айтты.

Буга чейин Жогорку Кеңеште төрага Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүлүп, кол топтоо жүрүп жатканын «Азаттыкка» депутат Сайдулла Нышанов билдирген. Ал төрагалыкка талапкер катары депутат Талант Мамытовдун аты аталып жатканын кошумчалаган.

Депутат Талант Мамытов мындай божомолду ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Бул маселени «көпчүлүк чечерин» белгиледи.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келген. Президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбековдун ордуна мамлекет башчылыкты, Конституция боюнча, парламент төрагасы алышы керек болчу. Спикер болуп шайланган Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тартып койгон. Азыр президенттин милдетин өкмөт башчы Садыр Жапаров аткарууда. (BTo/RK)