Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.
Өкмөт аппаратынан кабарлашкандай, ал ЖЭБдин көмүр кампасындагы отундун запасын, диспетчердик пунктун жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен көрдү.
«Улутттук энергохолдинг» компаниясынын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүш үчүн ЖЭБге жалпысынан бир млн. 110 миң тонна көмүр керек. Учурда кампада 296 миң тонна отун бар. Анын 28 500 тоннасы импорт, 268 миң тонна ата мекендик көмүр. Бул эки айга жетерлик көлөм.
Маалыматта айтылгандай, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо өз мөөнөтүндө аткарылууда.
Бишкек ЖЭБи жалпысынан 129 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект.
2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынган. (ErN)