Пакистандагы медреседе бомба жарылып, тогуз окуучу каза болду

Пакистандын түндүгүндөгү медреседе жардырылган бомбадан кеминде тогуз киши каза болду, 100дөн ашык адам жараат алды. Бул тууралуу Пешавардын бийлик өкүлдөрү жана күбөлөр маалымдашты.

Кол салуу болгон учурда сабак болуп жаткан. Полициянын өкүлү Вакар Азимдин айтымында, кимдир-бирөө медресеге бомба салынган баштыкты алып келген. Маалыматка караганда бомбага алты килограммдай жардыргыч зат толтурулган.

Курман болгондордун бардыгы 20-40 жашта болчу, жараат алгандардын арасында окуучулар жана мугалимдер бар. Медреседе миңдей киши билим алат. Бир бөлүгүндө 18ден өйдө жаштагылар, экинчисинде балдар менен өспүрүмдөр окуйт. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Пакистандын премьер-министри Имран Хан жардырууну айыптады жана жарадар болгондорго жардам берүүгө чакырды.

2001-жылдан бери талибдер коомдук жайларды, мектептерди, мечиттерди бутага алып келишет. 2014-жылдын декабрында Пешавардагы мектептердин бирине согушкерлер кол салганда 150 киши, көбү балдар набыт болгон. Эки күн мурун Кветта шаарында бомбанын жарылуусунан үч киши каза тапкан.