Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Беларустагы адам укуктары боюнча атайын чабарманы расмий Минскти «өз элине каршы репрессияларды токтотууга» чакырды. Анаис Мариндин бул баяндамасы Беларуста акыркы күндөрү демонстрациялардын жүрүшүндө адамдар кармалгандан кийин жасалды.
Беларус оппозициясы 26-октябрда жарыялаган иш таштоонун биринчи күнүндө дагы жүздөгөн адамдар кармалды. Марин БУУда сүйлөп жатып, августтан бери 20 миңден ашык адам кармалып, жүздөгөн адамдар кыйноого кабылганын билдирди. БУУнун өкүлү Беларуста убактылуу кармоо жайларында коркутуу, зордук-зомбулук өкүм сүрүп жатканын эске салды.
Анын маалыматына караганда, 9-августтагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары боюнча 400дөн ашык кылмыш иши козголгон.
Анаис Мариндин баяндамасынан соң БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Беларус бийлигин тынч нааразылык акцияларынын катышуучуларына каршы зордук-зомбулук кылбоого чакырды. Бул документти 50дөн ашык өлкөнүн мүчөлөрү колдоду.
Беларуста быйыл августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенконун жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция аны тааныган эмес. Ошол убакыттан бери оппозициянын акциялары уланууда.
Эки жума мурун оппозициянын лидери Светлана Тихановская Беларуста 25-октябрга чейин Александр Лукашенкодон бийликтен кетүүнү, камактагы саясий туткундарды бошотууну талап кылган. Талап аткырылбаса жалпы элдик иш таштоо болорун эскерткен.
26-октябрда өлкөдөгү бир катар мамлекеттик ишканалардын жумушчулары бул акцияга катышты.