Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектептерди жана бала бакчаларды кайра ачуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, ЮНИСЕФтин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү эгер мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана тургундар санитардык-эпидемиологиялык чараларды тийиштүү деңгээлде камсыз кыла алса мектептерди жабык кармоонун кажети жок экенин айтты.
Дагы караңыз
COVID-19: Бир күндө эки адам каза болду, 568 бейтап жаңы катталдыCOVID-19: Экинчи толкундун эпкиниОору чектеген онлайн окууВице-премьер-министр Исмаилова мектептерди жана бала бакчаларды ачуу маселеси ар бир аймактагы абалга жараша чечилерин айтты. Ал ар бир калктуу конуштагы абал боюнча талдоо жүргүзүлүп, эгер ошол жердеги мектеп же бала бакча ачыла турган болсо коронавируска каршы тийиштүү чаралар көрүлүшү зарыл экенин билдирди. Вице-премьер түрдүү эпидемиологиялык сценарийге даярдык болушу керек экенин белгиледи.
Аида Исмаилова өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнөн тез арада аймактардагы эпидемиологиялык абал боюнча талдоо жана эпидемияга каршы чаралардын камсыздалышы тууралуу мониторинг жүргүзүп, жообун айтуу тууралуу тапшырма берди.
Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясына байланыштуу мамлекеттик мектептер жана бала бакчалар жабылган бойдон толук ачыла элек. Окуу процесси аралыктан жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата бул оору дээрлик 57 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 1136сы каза болду. (RK)