"Матраимов менен Көлбаевдин кармалышы - театрлашкан шоу"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев криминалитет өзүн эркин сезип калганын 27-октябрда Бишкектеги маалымат жыйында айтып чыкты. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кримтөбөл деген Камчы Көлбаевдин кармалышын театрлашкан шоу катары сыпаттады. Дүйшөбаев "Көлбаев жакын арада бошотулат" деген оюн билдирди.