«Samsung» корпорациясынын башчысы Ли Гон Хи каза болду

Ли Гон Хи.

Ли Гон Хи Сеул шаарында 78 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмүнүн себеби ачык айтылган жок. Айрым маалыматтарга ылайык, ал алты жыл мурда жүрөгү кармап, ошондон кийин корпорация башчылыгын уулуна өткөрүп берген.

Ли Гон Хи Түштүк Кореядагы байлардын бири болгон. «Forbes» журналы анын байлыгын 21 миллиард долларга баалаган.

Ал «Samsung» корпорациясын 1987-жылдан бери жетектеп, кыска убакытта арзан товар чыгарган компанияны дүйнөдөгү электроника жана компьютердик техника чыгарган лидер ишканалардын катарына кошту.

Ли Гон Хиге бир нече жолу кылмыш иши козголгон. Анын ичинде мурдагы президент Ро Дэ Уга пара бергени тууралуу айып да бар. 2008-жылы ал салык төлөөдөн качканы үчүн шарттуу түрдө кесилип, «Samsung» компаниясынын жетекчилигинен кеткен, бирок эки жылдан кийин өкүм кайра каралып, ишине кайтып келген.