Христианга турмушка чыкканы үчүн кордолгон кыздын жакындары Франциядан айдалды

Париждеги Эйфель мунарасынын фонундагы Франция желеги жана саякаттап жүргөн кыз. Сүрөттүн кабардагы окуяга тиешеси жок.

Серб тектүү христианга турмушка чыкканы үчүн кызын токмоктоп, чачын кырып салган босниялык мусулман ата-эне жана башка туугандары Франциядан чыгарылды. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Геральд Дарманин билдирди.

Безансон шаарында жашаган 17 жаштагы кыздын ата-энеси, үч байкеси жана эжеси өлкөдөн чыгарылган. Эки тууганы камалган. Кыз өзү Франция өкмөтүнүн карамагында болот.

Босния жана Герцеговина полициясы үй-бүлө мүчөлөрү атайын учакта, тартип сакчыларынын көзөмөлүндө баш калаа Сараевого жеткирилгенин тастыктады.

Бул үй-бүлөгө беш жыл бою Францияга кирүүгө тыюу салынды.