Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 13 жыл өттү

Алишер Саипов.

Белгилүү журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 13 жыл өттү.

Аны 2007-жылы 24-октябрда белгисиз адамдар Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Окуя эл көп жерде, кечки саат жетиде болгон.

Журналистти аткан эки адамдын сүрөтүн жергиликтүү адамдар чөнтөк телефонго тартып алууга үлгүрүп, аларды күбөлөр да тастыкташкан.

Расмий билдирүүдө сүрөттөгү шектүү деген адамдар Кыргызстандын жараны эмес экени да айтылган.

Ошол кездеги бийлик Саиповдун өлүмүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

2009-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналистке атылган тапанчанын ээсинин аты-жөнү такталганын, ал террордук топтун мүчөсү экенин билдирген.

Бирок 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Алишердин өлүмү үчүн шектүү катары 20 жылга соттолгон жаран күнөөсүз экени далилденген.

Саиповдун өлүмүнө байланыштуу токтотулган кылмыш иши 2019-жылы кайра жанданган.

Маркумдун жакындары бул иште Өзбекстандын мурдагы бийлигинин колу бар деп күмөн санайт. (SE)