«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүнкү күндө бийлик башында кабыл алынып жаткан чечимдерди «түздөн-түз узурпация» деп атап, президенттин милдетин аткаруучу адам Конституцияны өзгөртүүгө да, референдум жарыялоого да мыйзамдуу укугу жок экенин эскертти. 23-октябрда жарыяланган видеомаегинде ал референдумду азыркы Жогорку Кеңеш аркылуу да өткөрүү мүмкүн эмес экенин, себеби бул чакырылыштын мөөнөтү 28-октябрда токтой турганын кошумчалады.
Мадумаров «азыркы келген бийлик ички жана тышкы экономикалык саясат эмес, кадр алмаштыруу менен гана алек болуп, «Баары меники!» деген жаман адатка түшүп алганын» айтып, «соодалашуу жүрүп жатканын» белгиледи.
Ал Баш мыйзамды одоно бузган чечимдерди кабыл алып жаткандарды «Тарых алдында оор суроолор күтүп жатат» деген пикирин кошумчалап, өлкөнү жетектеп турган адамга азыр ким кеңеш берип, «ушул жол менен барсак болот» деп жатса, аны «түздөн-түз кайнап турган казанга ыргытканы жатышканын» айтты:
«Тилекке каршы, азыр мыйзамыңды да, Конституцияңды да четке коюп, «Мен билем. Мен айткандай болот. Мен ушуну каалайм» деген өтө ыплас, жаман, түшүнүксүз жолго түшүп алды. Конституцияны өзгөрткөнгө чейин шайлоолорду токтотуп турабыз деген бул бийликти бир колго топтоонун өтө чоң кылмыштуулугу. Бул түздөн-түз узурпация. Баары билип турат, кыргыз эли да керемет, сезип турат. «Мен шайлоолорду токтотуп, ага чейин өзүм падыша, өзүм прокурор, өзүм сот, өзүм өкмөтмүн! Мен! Менден башка эч ким жок!» дегендей позицияга барып алгандыгы өтө коркунучтуу жол. Бул жакшылыкка алып келбейт».
Мадумаров Боршайкомдун мүчөлөрүн милицияга чакыртуу бул мекеменин ишине түздөн-түз кийлигишүү экенин айтып, шайлоо жарыяланып, процесс жүрүп жаткан учурда анын мүчөлөрүн чакыртып алууга мыйзамда уруксат жок экенин кошумчалады.
Президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү мыйзам өзгөчө шарттагы конституциялык мыйзам экенин, шайлоо жарыялангандан кийин аны өзгөртүүгө тыюу салынарын айтты.
Партия лидери аксакалдарга, интеллигенцияга кайрылып, кайдыгер болбоого, мыйзамдар бузулуп жатканын ачык айтууга чакырды.
Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.
Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын 9-октябрда жокко чыгарган Боршайком кайра шайлоону 20-октябрда белгилеген. Президенттик шайлоо, мыйзам боюнча, мамлекет башчынын отставкасынан кийин үч ай ичинде өткөрүлүшү керек.
22-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү мыйзам долбоору бир күн ичинде фракциялардын да, тийиштүү комитеттин да колдоосуна ээ болуп, жалпы жыйында дароо үч окууда кабыл алынды. Долбоордун демилгечилери муну өлкөдөгү оор коомдук-саясий жана экономикалык абал, эпидемиологиялык абал менен негиздеп жатышат. Конституцияга президенттик, парламенттик, аралаш башкаруу формаларынын бирин аныктоо маселеси коюлары айтылып жатат. 2010-жылдагы конституциялык референдумда Кыргызстан парламенттик башкаруу жолун тандап алган.
Боршайком парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындаган күнү аларга милициянын тергөөчүсү барып, сурак жүргүзүүгө аракет кылганын айткан. Ички иштер министрлиги муну 5-6-октябрда Бишкекте болгон башаламандык боюнча сотко чейинки териштирүү менен түшүндүргөн.
16-октябрда Жапаров Кыргызстанда конституциялык реформаны парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана уюштурса болорун, ал эми президенттик шайлоо тууралуу «10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болууга тийиш» деп айткан.
23-октябрда Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу элге кайрылуу жолдоп "Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат" деди.
Ошону менен катар ал "Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо (катуу бут тосуулар болуп жатат) Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы, парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!" деди.(RK)