Жогорку Кеңештин отуруму жабык өтүп жатат (жаңыланды)

Жогорку Кеңештин президиуму. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин жыйынынан журналисттер убактылуу чыгарылды. Депутаттар кайсы маселени талкуулап жатканы белгисиз, парламенттин басма сөз кызматы алар кеңешип алыш үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн он мүнөткө сыртка чыга турууну өтүндү. Азыр, саат 17:49да жыйын жабык өтүп жатат.

Парламенттин бүгүнкү отурумунун күн тартибине шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу 21-октябрда биринчи окууда жактырылган мыйзам долбоорун кароо маселеси кирген.

Мындан тышкары, парламенттик кайра шайлоону жана мөөнөтүнөн мурда кезексиз шайлоону Конституцияга өзгөртүү киргизгенден кийин өткөрүү тууралуу да мыйзам долбоору каралары айтылган.

Болжол менен 20 мүнөттөн кийин жыйындар залына журналисттер кайра киргизилип, отурум ачык уланды. (RK)