Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусу жана пневмониядан төрт бейтап каза болду. Алардын экөө Бишкекте, бирөө Баткенде, бири Ошто.
Акыркы суткада 547 адамдан вирус жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 282си айыкты.
Оору жаңы такталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 123;
- Баткен облусунда – 90;
- Ош облусунда - 85;
- Жалал-Абад облусунда - 79;
- Чүй облусунда - 76;
- Ош шаарында – 52;
- Ысык-Көл облусунда – 23;
- Талас облусунда - 15;
- Нарын облусунда - 4 киши.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54006 адамды түздү. Анын 1122си жашоо менен кош айтышып, 46 726сы сакайды.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2919 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.
Подкаст сынак: Пандемия мени кандай өзгөрттү?
Адамзатка мээримим күч алдыПандемияда кайрымдуулук дүкөнүн ачтымПандемиянын төрт таасириКарантинде үлпөт тойсуз баш коштукКоронавирустун айынан АКШга барбай калдымПандемия кыялымды кыйратты2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөңдөй, 22-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 41 миллиондон ашты. Алардын 1 миллион 130 миңден көбү жашоо менен кош айтышты. 28 миллиондон ашуун бейтап айыкты.
АКШда оорулуулар 8 миллиондон, Индияда 7 миллиондон, Бразилия 5 миллиондон ашты. Орусия, Аргентина, Испания, Францияда миллиондон көп. (SE)