Айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин жетекчилигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин парламент бүгүн, 21-октябрдагы отурумда көпчүлүк добуш менен колдоду.
Ага суроо-сунуш берилип жаткан учурда айрым депутаттар Токтогазиевдин мурда мамлекеттик кызматта иштебегенин белгилеп, Кыргызстандын кыр аркасы болгон Айыл чарба министрлигин кантип өнүктүрө турганын сурашты.
«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мамлекетти мурунку убакта аткаминерлер көтөрүп келген болсо, бүгүнкү күнү менежерлер көтөрүп жатканын айтып, жаш кадр катары колдоого жана тармакты өнүктүрүүдө жардамдашууну кызматташтарына сунуш кылды.
Тилек Токтогазиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен барган. 7-октябрь күнү анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн.
Тилек Токтогазиев 30 жашта, ишкер. (ZKo)
Дагы караңыз
15 жылдан кийин ордуна келген акыйкатКурманкул Зулушевдин башкы прокурор болушуна парламент макулдук бердиСадыр Жапаров: Орус тили расмий тил боюнча калатЖогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алдыБШК: ИИМдин тергөөчүcү Боршайкомдун мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылдыИИМ Боршайкомдогу окуя боюнча түшүндүрмө берди