Казакстанда Мажлистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленди

Казакстандын парламенти.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажлистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленди. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев тиешелүү жарлыкка кол койгону 21-октябрда расмий жарыяланды. Ага ылайык, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жана өкмөтү шайлоо уюштуруш үчүн даярдык көрүшү керек.

Казакстанда эки палаттуу парламент иштейт. Анын төмөнкү палатасы болуп саналган Мажлис 107 депутаттан турат. Мажлистин 98 депутаты партиялык тизме аркылуу шайланса, сегиз депутат өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган Казакстан элдер ассамблеясынын квотасы менен келет. Быйыл бир катар коомдук уюмдар мажлиске шайлоолорду мажоритардык негизде өткөрүүгө чакырышкан.

Азыркы чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү 2021-жылы март айында бүтөт. Анын курамындагы көпчүлүктү бийликчил «Нур Отан» партиясынын депутаттары түзөт. Бул партия өткөн шайлоодо 84 мандатка ээ болгон. Ал эми калган мандаттар бийликчил болуп саналган «Ак жол» партиясына жана Коммунисттик партияга тийген.