22-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкек.

22-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде жаан, кар, тоолордо кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 12…17;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жаабайт, түштөн кийин бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градус болот.