Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 21-октябрда карап жактырып, парламенттин кароосуна жиберди.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Өткүрбек Жамшитов кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз бергенин билдирди.
Башкы прокурор Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алган жыйынына катышкан. Ал 5-октябрдан бери ишке чыга электиги тууралуу маалымат тараган.
Ушул эле күнү депутат Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызмат өзүнө сунушталганын журналисттерге билдирди.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун 6-октябрдагы митинги башаламандык менен коштолуп, өлкөдө саясий кризис башталган.
16-октябрда Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин колдоосу менен өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болгон. Ушул эле күнү парламент Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетүү жөнүндө арызын колдогон.