ИИМге эки жаңы орун басар дайындалды

ИИМдин имараты.

ИИМдин имараты.

Ички иштер министринин эки жаңы орун басары дайындалды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 21-октябрда министрликтин жеке курамына жаңы орун басарлар Октябрь Урманбетов жана Эркебек Аширходжоев тааныштырылды. Аларды дайындоо тууралуу буйрукка өкмөт башчы кол койгону кабарланды.

Жаңы орун басарларды тааныштырып жатып вице-премьер министр Максат Мамытканов өлкө үчүн оор кырдаалда милициянын ишинин маанилүүлүгүн, кызматкерлердин өз милдетине болгон жоопкерчилигин белгиледи.

Урманбетов буга чейин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январына чейин иштеген. Аширходжоев ИИМдин Тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы болгон.

Ички иштер министринин орун басарлыгынан алынган Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген, Бишкек шаарынын коменданты болуп турган. (RK)