Жаңы өкмөт башчы алгачкы кадамдары менен коомчулуктун үмүтүн жандыра алдыбы? Жетекчи кызматтарга кесипкөй адистер келип жатабы, же дагы эле «тууганчылык» принцип үстөмдүк кылып жатабы? Элдин ишенимине ээ болгон өкмөттү кантип түзүүгө болот?
«Арай көз чарай» талкуусуна коомдук ишмер Кадыралы Кошалиев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жеңиш Дүйшеев жана саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркулов катышты.
«Азаттык»: - Урматтуу эксперттер, кыргыз өкмөт башчысы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун акыркы билдирүүлөрү жана кадрдык дайындоолору эл күткөн ишенимди жарата алдыбы, коомчулукта кандай кабыл алынууда?
Абдыжапар Аккулов: - Эл баарын байкап, талдап турат. Өкмөттүн аппарат жетекчиси, облустун жетекчилери, Бишкек шаарынын мэринин алмашы жатканы өзгөчө талкууга түшүүдө.
Өзгөчө Бишкек шаарынын жетекчилигине Нариман Түлеевдин, УКМКнын башкарууга Камчыбек Ташиевдин, Финансы полициясына Сыймык Жапыкеевдин келиши карама-каршылыктуу көп талкууларды жаратууда. Бирөөлөр «баягы эскилер келүүдө» дешсе, экинчилери, «жаштардын карааны көрүнүп үмүт арттырат» деп жатышат, айтор бир кылка ой-пикир жок. Мисалы, "Ош облусун жетектөөгө чалдар келди" дегендер бар.
Дагы караңыз Райымбек Матраимов камакка алынган жок
Садыр Жапаровдун премьер-министр катары алгачкы кадамдарынын натыйжасы дегенде Раим Матраимовдун камалашы сөзгө алынууда. Эл арасындагы жалпы пикирлерди эске алганда өкмөттүн акыркы дайындоолоруна менимче көпчүлүгү оң баасын берүүдө. Жаңы дайындалган кадрлар кандай иштей турганын убакыт көрсөтөт.
«Азаттык»: - Өкмөт башчы Садыр Жапаров акыркы күндөрү бир нече билдирүүлөрдү жасады, андагы кайсы бир ойлорду, сунуштарды маанилүү деп бөлүп көрсөтө алабызбы? Элдин оюндагысын айта алдыбы?
Кадыр Кошалиев: - Кыргыз эли жаңы келген бийликтен жакшы, жаңы нерселерди күтүп, «алар ишке ашат» деп тилек кылууда, үмүт артууда. Өкмөт башчынын кадрдык саясатына коомдун бир бөлүгү канааттанса, калган бөлүгү ынанбагандай мамиле кылууда.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров акыркы күндөрү парламентте чыгып сүйлөгөндөрүндө, элге кайрылууларында өз позицияларын айтып келатат. Бирок, анын конституциялык реформа, парламенттик, президенттик шайлоо, элдик курултай ж.б. маселелери боюнча бийликке жаңы келген күнү сүйлөгөнү менен акыркы пикирлеринин айырмачылыктары болууда. Позициялар өзгөрүп жаткандай. Бул да чоң талкууну жаратууда.
Дагы караңыз Төрт саясатчы шашылыш акталды
Экинчи жагынан туура түшүнүү керек, түрмөдө отурган жеринен эле бийликке келип отуруп калып, ушунча оор жүктү көтөрүп, жоопкерчиликти тартуу да оңой эмес. Азырынча, тигиндей же мындай деп бир жактуу жыйынтык чыгаруу али эрте. Алган багыты, «ээрге туура отурдубу, же кыйшак отурдубу» кийинки 100 күндө даана билинет.
Кадрдык дайындоолору жөнүндө айтканда, президенттин аппарат жетекчиси болуп Сүйүнтбек Касмамбетовдун дайындалышы, Талас облусуна губернатор болуп Айбек Бусурманкуловдун келиши кубандырса, Жалал-Абад облусун жетектөөгө айыл өкмөт башчысынын дайындалашы, Бишкекке коррупционер деп абакта отуруп чыккан Нариман Түлеевдин келиши сынга кабылууда.
Улуттук коопсуздук комитетине кесипкөй адам келсе болмок дегендер көп, бирок, мурда былгып жаткан коррупциялык көрүнүштөрдүн беттери ачылып жатканын көргөндө «ал жерге Камчыбек Ташиевдей чечкиндүү адамдар керек» турбайбы дегендер да бар. Өздөрү айткандай казынаны тоноп, байыгандарды кармап, кармап эле тим болбой, аларды жазалап, төлөтүп, бюджетти толтуруп, тышкы карызды төлөтүүгө шарт түзсө, биз бул өкмөттү «бали» дейбиз, эл толук колдойт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
«Азаттык»: - Бүгүнкү өкмөттүн мыйзамдуу жолго түшүп, иштеп жатканына бир жума болуп калганына карабай, Өзбекстанды эске албаганда, башка өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын үн катпай, тааныбай, куттуктабай жатканын кандай түшүнсөк болот, анын себеби эмнеде?
Азамат Темиркулов: - Эң негизги себеби – биздин башыбыздан өтүп жаткан башаламандык. 5-6-октябрдагы болгон окуяларды «революция» деп кыйкыргандар болууда, менимче, анда төңкөрүш болду. Албетте, ушундай жол менен бийликти алмаштыргандан кийин кошуна өлкөлөрүбүз, башка чет мамлекеттер, башка сырткы өнөктөштөрүбүз биздин ар бир кадамыбызды абдан дыкат байкап, карап турушат, «дагы кандай кадамдарды жасап жиберишет» деп кооптонуп, Кыргызстандагы бийликти таанып, куттуктаганга шашпай жатышат.
Төңкөрүш жолу менен бийлик алмашкан жерде мыйзам талаасынан чыгып кеткенибизди алар жакшы түшүнүп турат. «Булар чындап эле укук талаасына кирдиби, легитимдүү өкмөт боло алабы?» деген шек саноо бар. Ошондуктан өкмөт элдин арасында, сырткы өнөктөштөрүбүзгө ишеним жарата турган кадамдарды жасашы керек...