АКШ «Аэрофлоттун» аткезчилик боюнча шектүү 113 кызматкеринин визасын чакыртып алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Нью-Йорк штатындагы Чыгыш округдун прокуратурасы уурдалган электрониканы АКШдан мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча шектүү 10 кишиге айып койду.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар уурдалган «Apple» түзмөктөрүн «Аэрофлот» компаниясынын кызматкерлери аркылуу АКШдан чыгарып кетип турушкан. Буга байланыштуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти авиакомпаниянын 113 жумушчусунун америкалык визасын чакыртып алды.

Сегиз шектүү камакка алынып, экөөнө издөө жарыяланды. Алар АКШдан Орусияга болжол менен 50 миллион долларлык электрониканы мыйзамсыз чыгарып кетүү схемасын уюштурушкан деп айтылууда. Түзмөктөрдү «Аэрофлоттун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин жүгү менен алып кетип турушкан.

Орусиялык авиакомпания бул боюнча комментарий бере элек. Орусиянын Нью-Йорктогу башкы консулдугу кылмыш иши тууралуу маалыматтарды текшерип жатканын билдирди. ТАСС агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшкөн орусиялык дипломат бир күн мурун «Аэрофлоттун» Нью-Йорктон Москвага уча турган каттамы бир саатка кармалганын, ФБРдин кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн текшергенин айтты.

Дагы караңыз

Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикте калдыБеларуста сот «NEXTA-live» «Телеграм» каналына тыюу салдыРайымбек Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди (видео)Райымбек Матраимов камакка алынган жокБектур Зулпуев президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп дайындалдыТөрт саясатчы шашылыш акталды«Бир дүйнө – Кыргызстан»: Саясий куралга айланган БШК кийинки шайлоону өткөрүүгө акысы жокПарижде өлтүрүлгөн мугалимге жогорку сыйлык берилет