АКШда президенттикке талапкерлердин дебаттарында эрежелер өзгөртүлүүдө

Жо Байден жана Дональд Трамп.

АКШдагы президенттикке талапкерлердин кийинки дебаттарында үнү өчүрүлүүчү микрофондор колдонулат.

Мындай чечим өткөн дебаттар талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байдендин кайым айтышуусуна айланганы үчүн кабыл алынды.

Жаңы эрежеге ылайык, талапкерлердин бири сүйлөп жатканда атаандашынын микрафону өчүрүлөт, бул бири-биринин сөзүн бөлүүгө жолтоо болмокчу.

Президенттик дебаттар боюнча комиссия жаңы өзгөртүүлөр 22-октябрда өтчү дебаттын деңгээлин көтөрүүгө жардам берет деген ишенимде турат.

«Комиссия дебат учурунда талапкерлер бири-биринин убактысына урмат менен мамиле кылып, коомдук кызыкчылыкка жооп берет деген ишенимде», деп айтылат билдирүүдө.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Бул жолу талапкер катары Республикалык партиядан учурдагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден катышып жатат. Буга чейинки дебат 30-сентябрда өтүп, талапкерлер бир катар темалар боюнча талашып-тартышкан. Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн алкагында дебаттын убактысы кыскартылып, өткөн аптада эки талапкер түз эфирде шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөн.