Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-бөлүмүнүн башчысы – УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалды.
Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда кол койду.
УКМКнын төрагалыгына мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Ата Журт», «Республика - Ата Журт», «Мекенчил» саясий партияларынын теңтөрагасы, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун досу катары белгилүү Камчыбек Ташиев 16-октябрда дайындалган.
4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы митингдерден кийин Кыргызстанда бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматын тапшырып, анын ордуна 6-октябрда митингчилер түрмөдөн бошотуп алган экс-депутат Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жатат. (ZKo)
Дагы караңыз
Казакстанга барыш үчүн 16 жашка чыга элек жарандардан паспорт талап кылынат Үгүткө корогон миллиондор жана укуктук талашАКШнын өкүлү Ооганстанда атышууну токтотууга чакырды «Эркин-Тоо» гезитине Бахпурбек Аленов редактор болуп дайындалдыОштун милиция бөлүмүндөгү чуулуу өлүмИИМ: Шаар-райондордо күнүгө миңден ашуун милиционер күзөткө чыгууда Президенттик аппаратты Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт