Ушул жылдын 6-октябрында абактан чыккан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов түзөтүү мекемелерине кайта элек. Бул маалыматты «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) ырасташты.
Исаков Молдовановка айылындагы №27, Ибраимов Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатышкан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 12-октябрда абактан чыккан эки саясатчыга берилген өргүү бүткөнүн, өз эрки менен келишпесе укук коргоо органдары чара көрөрүн эскерткен.
17-октябрда социалдык тармактарда Сапар Исаков Франциядан баш паанек сураганы тууралуу маалыматтар тарады. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Исаковдун кайда экени тууралуу алардын да, үй-бүлөсүнүн да маалыматы жок экенин билдирип, Исаковдун өзүндө документтери болбогонун айтты. «Ибраимовдун да кайда экенин белбейм» деди.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин имаратын алуу менен аяктаган.
Ошондогу тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыккан. Алардын арасында Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев бар. Алар түзөтүү мекемелерине кайтарылган.
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айып салган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келет.
Ал эми мурдагы мэр Албек Ибраимов былтыр жыл аягында Бишкекте мектеп курулушундагы коррупцияга айыпталган. Ошондой эле «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген. (BTo)