Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталганын кабарлады.
17-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, “Кыргызкөмүр” тарабынан көмүр жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан жемкорлук схемасы колдонулган.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, көмүрдүн сапаты жакшы экенин тастыктаган лабораториялык чечим акчага жасалган.
“Ушул сыяктуу коррупциялык иштер ЖЭБдин жабдууларына бузулушуна себеп болуп, булганыч заттардын абага тарашына себеп болууда”,- деп айтылат маалымат.
Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
ЖЭБди 2016-жылы реконструкциядан өткөрүүдө да чоң коррупция аныкталып, мурдагы өкмөт башчылар баштаган жоон топ чиновниктер камалган. (SE)
Дагы караңыз
Б.Асанов: Азыркы бийлик Матраимов менен Көлбаевдин өнөктөшүСаясий кырдаалга кандай баа бересиз?Азербайжан Тоолуу Карабакта Армениянын "Су-25" учагы атып түшүрүлгөнүн билдирдиӨ.Абдрахманов: Эски системаны өзгөртмөйүнчө реформа болбойт