Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы БТР катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 16-октябрда Бишкек шаарында өзгөчө абал режиминде блок-посттордо турган аскер техникалары Патрулдук милициянын кызматкерлеринин коштоосунда кетип бараткан.
Профсоюзный көчөсүндө «Лексус-470» автоунаасынын айдоочусу жол эржесин бузуп, аскер техникалары бараткан колоннаны ашып өтүүгө аракет кылган учурда БТР-70 М менен сүзүшкөн.
Кырсыктан жараат алгандар жок. БТР эч нерсе болгон эмес, ал эми автоунаа жабыркап айдоочусу Патрулдук милицияга өткөрүп берилген. Машиненин ээси комментарий бере элек.
БТР менен «Лексус-470» автоунаасы катышкан жол кырсыгы тартылган видеолор социалдык тармактарга тарап ал шакабага алынып жатат. Жакында эле аскер техникасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын №5 өткөрмө жайында дубалды сүзүп кулаткан.
Бишкекте 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген. Парламент 16-октябрда өзгөчө абал киргизүү тууралуу токтомду жокко чыгарды.
Дагы караңыз
Кыргызстанда дагы 21 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алды"Реформа" партиясы жемкорлукка каршы күрөштө Жапаровго сунуш жолдодуБишкектин тышкы саясаттагы «тыныгуусу»