Жапаров: Жаңы өкмөт бюджетти так аткарышы керек

Акылбек Жапаров.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров «Азаттыкка» комментарий берип жатып айтты.

Ал бюджеттин киреше бөлүгүнүн 90% салыктан жыйналарын, андыктан премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өкмөтү ишкерлер менен тыгыз иштеши керектигин билдирди.

«Эгерде күнүгө 12 саат иштеп жатса, анын төрт саатын саясатка, калган сегиз саатын экономикага бөлүш керек. Бизде республикалык бюджет боюнча мыйзам бар. Биз мыйзамдык нукка түшкөндөн кийин мыйзамдарды да так аткарыш керек. 650 миң пенсионер, 600 миңден ашык жөлөк пул алган жарандарыбыз бар. Бюджеттен айлык алган мугалим, дарыгер, аскерлерибиз турат. 1,5 млн. киши бюджетке түздөн-түз көз каранды. Аларды кыжалат кылбай акчаны убагында бериш керек».

Жапаров азыр тыштан келчү инвесторлорго үмүт артпай ички инвесторлорго көбүрөөк көңүл буруш керек деп эсептейт. Ал Кыргызстандагы экономикалык оор кырдаалдан чет мамлекеттердин жардамы жок эле чыгып кетүүгө болот деп ишенет. Ошондой эле артыкбаш чыгымдарды токтуу керектигин эскертти.

Премьер-министр, президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда кыргызстандыктарга кайрылып биринчи кезекте экономикалык кырдаалды турукташтыруу зарыл экенин айтты. Ал үчүн инвесторлордун ишеничин калыбына келтирүү, ишкерлер үчүн коргоо жана коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу милдети турганын белгиледи.

Финансы министрлигинин маалыматында, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү сырттан жалпысынан 773 млн. доллар жардам сураган. Анын 597 млн. доллары насыя.

Ушул күнгө чейин бул сумманын 334 миллион доллары келип түшсө, сентябрдын башына карата анын 205 млн. доллары жалаң бюджеттин тартыштыгын жабууга колдонулган. Калган 129 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турганы маалымдалган.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү белгилүү болгон. Бирок жаңы премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрдагы парламенттин отурумунда дефицит 42 млрд. сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

"Реформа" партиясы жемкорлукка каршы күрөштө Жапаровго сунуш жолдодуБишкектин тышкы саясаттагы «тыныгуусу»Ө.Абдрахманов: Эски системаны өзгөртмөйүнчө реформа болбойтС.Жапаров өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 млн. доллар тууралуу пикирин билдирди