Кыргызстанда дагы 21 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алды

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада дагы 21 медицина кызматкери илдетти жуктуруп алды. Алар:

  • Баткен облусунда – 6;
  • Жалал-Абад облусунда – 5;
  • Бишкек шаарында – 5;
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Талас облусунда – 1;
  • Ош шаарында – 1.

Ал эми акыркы суткада стационардан алты, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3529 учур катталды, алардын 3145и сакайды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51490 адамды түздү. Анын 1108и жашоо менен кош айтышып, 45 509у айыкты. (SE)

Дагы караңыз

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди"Реформа" партиясы жемкорлукка каршы күрөштө Жапаровго сунуш жолдодуБишкектин тышкы саясаттагы «тыныгуусу»Ө.Абдрахманов: Эски системаны өзгөртмөйүнчө реформа болбойт