19-октябрдан баштап Ташкентте коомдук транспортто жана таксиде жүргөндөргө беткаптан тышкары колкап кийүү да милдеттендирилет. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги маалымат таратып, эпидемиологиялык кырдаалдан улам ушундай эрежелер кирип жатканын билдирди. Анын аткарылышын укук-тартип органдары көзөмөлгө алат.
Фергана облустук Ички иштер башкармалыгы көчөдө беткап кийбей жүргөндөрдү видеокөзөмөл аркылуу аныктап, айыппул салуу тажрыйбасы колдонуларын эскертти.
Өзбекстанда 17-октябрь саат 9:00гө карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 62588 кишиге жетти. Алардын 59624сы айыгып, 520сы жашоо менен кош айтышты.
Дагы караңыз
Зеленский менен Эрдоган кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу түзүштү С.Жапаров өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 млн. доллар тууралуу пикирин билдирдиЖапаров: Реформалар боюнча комиссия түзөбүз (видео)УКМКнын тизгини Камчыбек Ташиевге тийди (видео)