Зеленский менен Эрдоган кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу түзүштү

Зеленский жана Эрдоган, 16-октябрь, 2020-жыл. Анкара.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-октябрда Анкарада Украинанын президенти Владимир Зеленскийди кабыл алды.

Түрк басылмалары кабарлагандай, алар коопсуздук, соода, эки тараптуу мамиле, аймактык жана эл аралык көйгөйлөрдү, анын арасында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тирешке себеп болгон Тоолуу Карабак маселесин талкуулашты.

Экономикалык кызматташуунун алкагында "Ан-178" үлгүсүндөгү учакты биргелешип чыгаруу жаатында да сүйлөштү.

Украинага аскердик керектөөлөр үчүн 26 миллион доллар жардам бөлүү боюнча макулдашты. Андан тышкары, өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн 10 миллиард доллардан 20 миллиард долларга жеткирүүнү көздөшүүдө.

2019-жылы Украина Түркиядан учкучсуз алты аскердик "Bayraktar TB" жабдуусун жана аны жерден башкара турган үч жабдууну сатып алган.

Дагы караңыз

С.Жапаров өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 млн. доллар тууралуу пикирин билдирдиУКМКнын тизгини Камчыбек Ташиевге тийди (видео)Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылдыЖапаров: Саясий иштер боюнча күнөөсүз экенин далилдөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү