Доллар көтөрүлүп, азык-түлүк кымбаттады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин акча алмаштыруу жайларында бир доллар 81 сом 95 тыйындан сатылып жатат. Чет элдик валютанын кымбаттап жатышы базардагы баага да таасир этүүдө. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, өсүмдүк майы 50 сомго, кумшекер болсо 10 сомго кымбаттап кеткен. Баасы доллар менен бычылып, чет өлкөдөн ташылып келген курулуш материалдарынын наркы да бир орунда турган жок.