16-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багытты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 17…22;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 21…23 градус болот.