Жороев: президенттин кызматтан кетиши эл аралык аренада жоготууларга алып келет

Саясат таануучу Эмил Жороев.

Кийинки күндөрү бир нече маанилүү өнөктөштөр Кыргызстандын жалгыз мыйзамдуу бийлик өкүлү катары тааныган Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши эл аралык мамилелерге залакасын тийгизет.

Саясат таануучу Эмилбек Жороев «Азаттык» менен ушундай пикирин бөлүштү:

«Албетте, чет мамлекеттер жана алардын лидерлери бийликке келген адамды таанышат. Эгер ал Садыр Жапаров болсо, аны да таанышат. Бирок эл аралык аренада көп жоготуулар болот, анткени ал жакта ишенимге жетиш абдан кыйын».

Саясат таануучунун пикирине караганда, эл аралык аренада мыйзамдулуукка жетип, башка мамлекеттер да бийликти таануунун жалгыз жолу - шайлоо өткөрүп, бийликке легитимдүү парламент жана өкмөт келиши керек.

«Эгер баары убактылуу макамда кармалып калса, башка мамлекеттер менен олуттуу мамиле түзүү кыйын болуп калат», - деди Жороев.

Президентке караштуу president.kg сайты 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялады. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.