Кыргыз-казак чек арасынан өтүү татаалдашат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Кең-Булуң» өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

20-октябрдан тартып Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан паспорт аркылуу гана өтүүгө мүмкүн болот.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, бул 2012-жылы эки тараптуу кол коюлган макулдашуунун күчүнө киргенине байланыштуу.

Жашы жете элек жарандардан да 20-октябрдан тартып паспорт талап кылына баштайт. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жараксыз болот.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарына да паспорт талап кылынат.

20-октябрга чейин чек арадан чыгып кеткен 16 жашка чыга элек жана паспорту жок жашы жете элек жарандар буга чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөрүлгөн болсо, мекенине кайтып келе жатканында туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүшөт.

Бул тартип Орусияга жана ал жактан кайрадан артка түз авиакаттам менен жүргөн Кыргызстандын жана Орусиянын жашы жете элек жарандарына тиешеси жок. (ZKo)

Дагы караңыз

Касымалиева Садыр Жапаровго: бир да жолу тарапташтарыңызды тынчтандырып койгон жоксузЖапаров: Атамбаевди мен эмес, президентке баш ийген органдар камады«Ысык-Көл» мейманканасынын, өкмөт үйүнүн алдында эки митинг өтүп жататПрезидент жаңы дайындалган өкмөт башчы жана парламент төрагасы менен жолуктуУКМК соцтармактардагы чакырыктарга байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырдыМурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов камактан бошотулду Токмокто үй-бүлөлүк чырдан үч адам бычак жеди