Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүн, 13-октябрь күнү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын «Ала-Арча» резиденциясында өткөн кезексиз жыйынында айтты:
«Мени «Фейсбуктан» да, телефондон да коркутканыңарды токтоткула. Мен Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна каршы эмесмин, бирок ал легитимдүү премьер-министр болуп келсин», - деди Касымалиева.
Аида Касымалиева акыркы күндөрү Садыр Жапаровдун тарапкерлери аны ар кандай опузага алып жатканын парламент трибунасынан билдирди.
4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин, Кыргызстанда саясий кризис башталды. Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттар өкмөт башчыны шайлоо максатында бир нече жолу чогулууга аракет кылышты.
6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка массалык тополоң учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөткөн.
Парламенттин бир катар депутаттары 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип берген. Жогорку Кеңештин ал күнкү чечимдеринин негизинде кабыл алынган токтомду президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган.
Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-октбярда дагы кезексиз жыйынга чогулуп, президент Жээнбековдун Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү жарлыгын колдоп берди. Андан тышкары парламентке жаңы төраганы - «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаевди шайлады. (ZKo)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңештин төрагалыгына Канатбек Исаев шайланды (видео)Президент Жээнбеков Жапаровду премьерликке бекиткен токтомду артка кайтаратКулов: Президент жаш жигиттер камалышына каршыЖапаровду бекиткен токтом жараган жокЕвропада коронавирус жугузуп алгандар көбөйүүдөБУУнун атайын өкүлү Кыргызстанга келетТоолуу Карабактагы атышууну токтотуу режими сакталбай жатат