Европада коронавирус жугузуп алгандар көбөйүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Пандемиянын экинчи толкунуна туш болгон Европада кайрадан чектөөчү чаралар киргизилип, бир катар жерлерде мектептер, бар-ресторандар, эс алуучу, спорттук жайлар жабылууда. Шейшембиде Еврошаркеттин мүчөлөрү блоктун ичинде эки жакка каттоо боюнча координацияланган системаны кабыл алууну караган жатат. Ушул күндөрү Европада коронавирустун 100 миң жаңы учуру катталууда.

Вирустун очогуна Европада бул ирет Британия, Орусия, Испания, Франция жана Чехия айланды. Буга чейин өзгөчө кырдаал жарыялаган чех өкмөтү 14-октябрдан тартып дагы бир топ чара көрүп, бардык окуу жайлары кайрадан онлайн сабактарга өтүүдө. 3-ноябрга чейин кафелер, барлар, ресторандар жана клубдар жабык болмокчу.

Францияда бир жумада вирус жугузуп алган 20 миң киши аныкталды. Премьер-министр Жан Кастекс экинчи жолу карантиндин киргизилишин жокко чыгарбай турганын билдирди. Ага чейин Париж, Марсел, Лион баш болгон бир катар шаарлар жогорку эпидемиологиялык даярдыкка келтирилди.

Германияда жаңыдан инфекциялангандар өлкөнүн кошуналарына салыштырмалуу аз.