Британия музейи Самарканддагы Шохи-Зинда комплексинен уурдалган плиталарды Өзбекстанга кайтарат. Плиталар былтыр Лондондун Хитроу аэропортунда аткезчилик товары катары конфискацияланган. Бул тууралуу «The Guardian» басылмасы 11-октябрда жазды.
Кабарга ылайык, плиталар Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынан 86 долларга алынган жана декларацияда «сатык үчүн» деп көрсөтүлгөн.
Тарыхый буюмдардын жылын жана кайсыл мамлекетке таандык экенин аныктоо максатында Улуу Британиянын Чек ара кызматы Британия музейине кайрылган.
Адистер плиталар XIII-XIV кылымдарда жасалганын, Самарканддагы Шохи-Зинда эстелик комплексине таандык экенин аныкташкан.
Дагы караңыз
Таласты баккан төө буурчакШыкмаматов: Жээнбеков менен Жапаров сүйлөшүүгө тийишСултанбеков, Ниязов, Асанов эки айга камалдыМадумаров: Президентти азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар өлкөнү коркунучка кептейт (видео)Евробиримдик Лукашенкого каршы санкция киргизүүгө даяр экенин билдирди