Кыргызстандагы азыркы кырдаалдан чыгыш үчүн бардык тараптар тааныган өкмөттү түзүү маанилүү. Бул тууралуу «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кырдаалдан чыгыш үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө парламенттик шайлоону өткөрүш керек.
«Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөтүүдөн баштап эле легитимсиз болуп калды, - деди ал. - Ошондуктан, учурда өкмөттү мыйзамдаштыруу зарыл. Меним оюмча, Жапаров деле башка партиялар, күчтөр менен сүйлөшүүсү зарыл. Мен башында эле ошого чакырган элем. Азыр деле кеч эмес, бардык күчтөрдү чакырып, «баарыбыз шайлоого баралы, ким утса өкмөт түзсүн» деген сүйлөшүү зарыл. «Мекенчил» партиясы өзүн аябай күчтүү көрүп атат, андай кыйын болсо шайлоодон көп добуш алсын. Азыр болсо бардык саясий күчтөргө бейтарап, кесипкөй кризис-менежерди шайлоого чейин премьер-министр кылып туруш керек».
Ошондой эле ал президент Сооронбай Жээнбеков учурда бардык саясий күчтөрдү диалог үчүн аянтча уюштуруп, ал жерден ачык сүйлөшүүгө шарт түзүшү зарыл экенин айтты.
Клара Сооронкулова учурдагы президенттин ишмердигине обьективдүү бааны кийинки парламенттин бергени туура деп эсептейт.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө.
5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.
10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.
Бирок парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.
Президент Сооронбай Жээнбеков ишин «Ала-Арча» резиденциясында улантып жатканы кабарланды.