Атамбаев Жээнбековдун кызматты тез тапшырышын каалайт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. 9-октябрь, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тез арада кызматын тапшырып бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы президенттин атынан таратылган билдирүүгө таянып «Азаттыкка» маалымдады.

Атамбаев өз билдирүүсүндө ошондой эле Садыр Жапаровду Жээнбеков-Матраимовдордун кланына кирбеген популярдуу саясатчы деп эсептеген. Президент Жээнбековдун аппараты мурдагы президенттин бул билдирүүсүнө комментарий берген жок.

Быйыл парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон 5-6-октябрдагы массалык акциялардын маалында тарапкерлери камактан бошоткон Атамбаев 10-октябрда кайра камакка алынган. Буга 9-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митиндеги кагылышууга байланыштуу козголгон кылмыш иши негиз болгону кабарланууда. Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов тарапкерлери менен, мыйзамдуулукту талап кылган жаштар кыймылдары өткөрүп жаткан митингдеги таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжалды Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштурганы айтылган.

Өлкөнү мыйзам алкагына кайтаруу боюнча орток пикир табыла элек. Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлагандыгы тууралуу Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы кезексиз жыйынынын чечими мыйзамсыз деп эсептегендер жыйынды кайра чогултуу аракеттери жүрүп жатканын билдиришти. Садыр Жапаров өзүн легитимдүү өкмөт башчы деп эсептеп жатат. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин өкмөт башчыны дайындоо тууралуу токтому жана президенттин жарлыгы чыкканы тууралуу маалымат жок. (RK)