Беларуста 11-октябрда өткөн жүрүштө 586 адам кармалганын «Весна» укук коргоо уюму билдирди. Алардын көбү Минскиде кармалганы маалым болду. Айрым демонстранттар күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөнү кабарланды. Күбөлөрдүн айтымында полиция жаш агызчу газ чачканда, жүрүшкө чыккандардын кээ бирлери аларды көздөй бөтөлкө жана гүл челектерин ыргытышкан.
Акция маалында 40ка жакын журналист кармалган, алардын көбү кечке маал коё берилди.
Дагы караңыз
Лукашенко өзү каматкан оппозиция лидерлери менен жолугушту Евробиримдик Беларустан айрым элчилерин чакыртып алат Оппозиция жаңы шайлоону талап кылдыБеларуста 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой келатат. Александр Лукашенко бул шайлоону жеңгенин билдиргени менен бир катар Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы мындай жыйынтыкты тааныган жок.
Светлана Тихановская башында турган оппозициячыл кыймылдар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.