Мелис Аспеков: Парламент жыйынында кворум болду, Жапаров легитимдүү өкмөт башчы

Мелис Аспеков

“Мекенчил” партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин бекиткен Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болгонун “Азаттыкка” билдирди.

“Азыркы тапта өлкөдөгү жалгыз легитимдүү орган – парламент. Парламент Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитип берип жатат. Өткөндө “Достук” мейманканасында анын талапкерлигин депутаттар бекиткен. Бирок ошондо шашып, өкмөттүн программасы менен курамын бекитпей калышкан эле. Ошондуктан кечээ мамлекеттик резиденцияга кайрадан чукул жыйынга чогулушуп, өкмөт курамы менен программасы бекитилди. Ал жерде премьер-министрди бекитүү маселеси турган эмес. Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду", - деди Аспеков.

Айрым депутаттар, юристтер, укук коргоочулар 10-октябрда мамлекеттик резиденцияда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болбогонун, добуш берүү процедурасы бузулганын айтып жатышат. Укук коргоочу Динара Ошурахунова жыйынга 41 депутат катышканын белгилеп, мындай жагдай өкмөт башчынын легитимдүүлүгүнө шек жаратат деп эсептейт. Анын айтымында, бул добуш берүүнүн мыйзамдуулугун сот аркылуу аныктоо аракеттери көрүлүп жатат.

Мыйзам жоболоруна ылайык парламент колдогон өкмөт башчыны президент өзүнүн жарлыгы менен бекитет. 10-октябрдагы кезексиз сессияда колдоо тапкан Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы чыккандыгы кабарлана элек. (BCh)