COVID-19 бир күндө дагы үч кишинин өмүрүн алды, 306 кишиден табылды

Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек. Сентябрь, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 11-октябрдагы маалыматына караганда, COVID-19 жугузуп алгандар кескин көбөйүп жатат. Акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы үч киши кайтыш болду. Анын экөө Ош, бирөө Баткен облусунда катталды.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1085ке жетти. 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Бир сутка ичинде коронавирус дагы 306 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 49 230га жетти. Анын 44395и сакайганы айтылды. Бир күндө 138 киши ооруканалардан айыгып чыкты. (NT)