Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди

Феликс Кулов

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди. Бул тууралуу Кулов "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Ал белгилегендей, парламенттин кезексиз жыйынында кворум болгон жок.

"Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт", - деп жазды Кулов.

Ал мыйзамдын талаптарын эске албаган депутаттардын аракетин сынга алып, өлкөдөгү "башаламандыкка жол ачып жатат" деп айыптады.

Ошондой эле Феликс Кулов президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан өз арызы менен кетери жөнүндө билдирүүнү комментарийледи. Анын айтымында, президент кызматтан кетсе, үч айдын ичинде президенттик, бир айдын ичинде парламенттик шайлоо жарыяланышы керек. Мындай учурда президенттин кетиши "кылмыштык шалаакылык" болорун эскерткен Кулов тиешелүү бардык адамдарды мыйзамды сактоого чакырды.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти. Бул жыйынга катышкан депутаттар жана Садыр Жапаров кворум бар экенин жана баары мыйзам чегинде өтүп жатканын билдирген.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кийин кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган. Эгер мындай жараян ишке ашса, парламент спикер жоктугуна байланыштуу премьер-министр өлкө башчысынын милдетин аткарышы керек.

Күндүн темасы

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайладыЖапаров: Жээнбеков өз арызы менен кетсе "экс-президент" деген макамы калат (видео)Башкы прокуратура 6-октябрда абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерге талап койду