Курсан Асанов кармалды

Курсан Асанов.

10-октябрда Бишкектеги массалык башамаландык иштер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети учурда бул ишке тишеси бар башка адамдарды иликтеп-издөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Буга чейин мурунку президент Алмазбек Атамбаев эки жансакчысы Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев менен кайра кармалганы белгилүү болгон. Көп өтпөй Фарид Ниязов да кармалган. УКМК аларды 9-октябрда Бишкекте болгон массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдады. (ZKo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу кажети жок (видео)Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайладыСадыр Жапаров депутаттар алдында өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер катары сөз сүйлөөдө (видео)Жапаров президент Жээнбеков кызматтан кетерин айтты (видео)Пандемия жана куракЖогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды