Жапаров президент Жээнбеков кызматтан кетерин айтты (видео)

Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып берип, кете турган болду. Бул тууралуу ушу тапта парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров билдирди:

"Сооронбай Шарипович менен жолуктум бүгүн. Сиздер өкмөттү бекитип берсеңер арыз жазып берип, кетем деп өз сөзүн айтты".

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. (RK)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров депутаттар алдында өкмөт башчылыкка жалгыз талапкер катары сөз сүйлөөдө (видео)Садыр Жапаров: Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу кажети жок (видео)