Садыр Жапаровдун тарапкерлери Эски аянтты тосуп алып митинг өткөрүүдө

Митинг учурунда тартылган сүрөт.

Өкмөт үйүнүн алдындагы Эски аянтта ушу тапта саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатышат. Алар Жапаровду колдой турганын айтып, Жогорку Кеңешти сындап, парламентке партия аркылуу шайлоо системасын жоюу керектиги тууралуу ойлорун билдиришүүдө.

Митингде “Бул биздин акыркы шанс, Садыр агабызды шайлашыбыз керек, аягына чейин туралы”, “Садыр Жапаровго тоскоол болууну токтоткула”, “Касымалиева, саткынчылыгыңды токтот” деген өңдүү чакырык-ураандар айтылууда.

Айрым маалымат каражаттары аянтта чогулгандардын саны 500дөй экенин жазды. Уюштуруучулар аянтты эки тарабынан автобус жана жеңил автомашиналар менен тосуп коюшканын айрым интернет каналдардын түз эфиринен көрүүгө болот.

«Азаттык» радиосунун кабарчылары Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин 9-октябрдагы митингин түз эфирде чагылдыруу учурунда ал жердеги айрым катышуучулардын коркутуусуна, кол салуусуна тушугуп, митингден кетүүгө аргасыз болгон.

Административдик имараттарды ээлеп алуу менен уланган 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон бери өлкөнү мыйзам алкагына киргизүү маселеси татаалдашып, тирешүүлөр уланып жатат. 9-октябрда бир учурда үч жерде митинг өттү. Ала-Тоо аянтындагы камактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер министр Өмүрбек Бабанов тарапкерлери менен, мыйзамдуулукту талап кылган жаштар катышкан митингде кагылышуу катталды жана андан кеминде жети киши жаракат алды. Муну Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин чагымы деп айтышууда. Жапаровдун тарапкерлери дооматты төгүндөштү. ИИМ бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгонун кабарлады.

10-октябда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева “Фейсбуктагы” баракчасына парламенттеги көпчүлүк коалицияны премьер-министрлик кызматка Жапаровду эмес, жаңы талапкерди көрсөтүүгө чакырган пост жазды.

Ал Жапаров ар кыл күчтөрдүн башын кошкон адам болот деген ой болгонун, бирок коомдун көпчүлүк бөлүгү аны кабыл алуудан баш тартарын көрсөткөнүн жана бириктиргендин ордуна, тескерисинче, ажырым менен пикир келишпестикти күчөтчүдөй кырдаал жаралганын белгиледи. Бир күн мурда Касымалиева өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын журналисттерге билдирген.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү түрмөдөн жаңы бошотулган Садыр Жапаровду убактылуу премьер-министрликке сунуштаган.Бул чечимди депутаттардын башка бөлүгү жана аларды колдогон башка саясий күчтөр тааныбай турганын билдирген жана "Акыркы үмүт" саясий коалициясы Өмүрбек Бабановду сунуштаган. Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-октябрда кезексиз жыйынга чогулаарын кабарлады. (RK)