9-октябрдагы окуя учурунда жети адам жараат алды, Токтогазиевдин абалы туруктуу

Тилек Токтогазиев.

Бишкекте митинг учурунда чыккан тополоңдо башынан жараат алган саясий активист Тилек Токтогазиевдин абалы туруктуу. Бул тууралуу 10-октябрда “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.

Ал Токтогазиев жаткан ооруканага санаалаштары барып жолукканын, активист өзүнө келгенин айтып беришкенин маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 9-октябрдагы окуя учурунда жети адам жабыркаган. Алардын экөө ооруканага жаткырылып, бешөө амбулатордук жардам алышты.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жана бир катар саясатчылар, алардын арасында Токтогазиев катышкан тынч митинг өтүп жатканда чагым жасалып, башаламандык пайда болгон.

Токтагазиев ал митингде сөз сүйлөп, элдик өкмөт куралышы керектигин айткан.

Кийин интернеттеги социалдык түйүндөрдө аны эс-учун жоготкон абалда бир топ адам чуркап көтөрүп баратышканы тартылган видео тараган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы аянттагы таш менен уруу, курал колдонуу фактылары “Жапырт башаламандык” беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталганын маалымдаган.

Тынч митингдин катышуучулары аянтта чыккан башаламандык үчүн саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлерин айыптап жатышат, ал эми алар бул окуяга тиешеси жоктугун билдирүүдө.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы митингден кийин 6-октябрга караган түнү милиция менен кагылышууда жүздөгөн адам жараат алган. 10-октябрга карата алардын 202си ооруканада экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. (RK)